Дагы бир жагдай айтылды. "Инспектордун огунан көз жумганы айтылган жарандын аялы" деген видео тарады

Бишкектеги мечиттердин биринин жанында инспектордун кокусунан атып алган огунан улам каза болгон айдоочунун окуясы боюнча дагы бир жагдай айтылды. Тагыраагы, каза болгон жарандын келинчегинин кайрылуусу деген видео интернетке жарыяланды. Кайрылуу жасаган айым окуя орун алган жерде өзү дагы болуп, баарына күбө болгонун айтып чыкты.

"Мен ошол жерде болгом, мечиттен намаз окуп чыккам. Баарын көрдүм, уктум. Мушташуу, инспекторлорго кол салуу, курал алып чыгуу болгон эмес. Ал жерде кайым айтышуу болгон. Бирок мушташуу же кол салуу болгон эмес. Айтыша кеткени үчүн ал (инспектор) тапанчасы менен атып салды. Ал ок аткандан кийин Чыңгыз жерге кулап түштү. Кайгуул кызматкерлери эч нерсе кылбай эле турушту, алар эмнеге атып салганын талкуулашты. Дароо "Тез жардам" кызматын чакырышкан жок. Качан гана канды көрүп, мен кыйкыргандан кийин чакырышты", - деп айтылат кайрылууда.

Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.

Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.

Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды. Кийнчерээк маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусун интернетке жарыялашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
raikakyz
2021-08-28 13:46:33
Видеодо жүрөт го келинчеги. Байкуш бала чырлашпай эле койсо болмок экен. Ажал экен деп кала бергенибиз менен бирөөнүн огунан эле бейажал кетиптир. Бүгүн Жума күнү койулгандыр, бейиштик дейли. Оомиийн!
+9
nazira...
2021-08-28 13:56:01
Сабыр кыл эми, баарына сабыр,кайрып ала албайсын тагдырдын жазганы бул да,күнөөлүлөр жазасын алышат. Мындан кийин караңгыда мечитке барбай эле үйдө оку намазды.
+6
Datka7777
2021-08-28 19:24:12
nazira...,каерде окушту сенден сурабайт
+3
Noon
2021-08-28 13:58:40
Эмнеге кокустан ден-соолукка залал келтирүү деген? Атайлап эле олтуруп жатпайбы. Кокустан басылып же атылып кеткен жок да. Киши өлтүрүү деген статья м-н кесип жиберсин көпкөн итти. Ошол кызматта иштеп жаткандан кийин ар кандай жагдайга токтоолук м-н жооп бергенди билиш керек. Мас айдоочуга туш болуп да калышы мүмкүн. Жиним бар деп эле ата берсе болобу эшектер.
+14
Tasma2014
2021-08-28 15:05:42
Аткан жигит акталсын азыр экинин бири снимает видео ОЗУ куноолу болсо признавать жтиш керек
-2
Datka7777
2021-08-28 19:25:03
Tasma2014,мэээн ордундабы? На каком основания ок чыгарды?
+4
Marni
2021-08-29 02:07:49
Datka7777, жазганына караганда ордунда эмес го.
+1
Tasma2014
2021-08-28 15:12:23
Бляд орустун дворнигин угасын кыргызым биздин законду полицияны тоготпойбуз мен да иштегем педофилди олтуро тепкемин 5 жашар кызды зодоп жаткан да усунон чыккамын ишими жоноттум бирок бир педофил азайган ал да биронун баласы же атасы же иниси эле бирок педофил болчу мыйзам жол бербей эле урганга бирок ол олбосо тепкенге атат элем дагы деле педофилди кармап алсам олтуро тебем
+3
Bishkek11
2021-08-28 15:36:46
Мыйзамга баш ийиш керек. Ким болбосун.
+5
ainura220888
2021-08-28 16:59:47
Бир нерсе болсо эле секирип короз болуп гаилер менен чатакташып чыгабыз. Кечирип койгула бирок кээде чындап атып салгын келет... Ошондой нерви жукага туш келиптирда. Обязательно мушташбай тил менен деле урушканга правоохранительных органов менен не имеем права туугандар. Коп болсо 5-600сом штраф толоп кетебер кечириниз деп тем боле мечитен чыкандайын. Омурунон айрылдын балдарын аялын калды тигида турмодо отот омуру кимге зыян кимге пайда. Аллах сабыр берсин баарыбызга
+6
Datka7777
2021-08-28 19:29:35
ainura220888, кадр маселеси аксап атат! Моралдык, писихологиялык, физикалык жактан даяр адамдар милицияда кызмат кылышы керек. Кочо блатнойлорундай темтендебей. Ар кандай кырдаалга даяр болушу керек эле
-2
Marni
2021-08-29 19:05:06
Datka7777, түптуура. Оюңузга кошулам.
0
suban78
2021-08-28 21:11:35
ainura220888,айдоочу эмес окшойсун даа. ГАИшниктер бир аз эле бош келсен жок жерден акча алышат. Озулорун тимеле Кудайдай сезип алышкан акмактар. Американын ГАИшниктери сылык мамиле кылып, мыйзам боюнча иш алып барышат, деги бироосунун жок жерден токтотконун корбодум. Куноону айтып тактап беришет, озулорун озгочо сезуу деген тушунук таптакыр жок аларда. Мамилеси, кызмат абалын тушунгогу таптакыр башка алардын.
+1
Taalaibek.
2021-08-30 21:46:34
Кокусунан деп коргоп жаткандарын кара.Тапанчаны алып чыккан кокустук эмес. Тапанчанын курогун баскан кокустук эмес. Анын устунон мелдеп аткан кокустук эмес. Кокустук деген мелдей албай атып алган кокустук. Кокустук деген тапанчаны чыгара албай атып алган кокустук.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан