Бишкектеги мечиттердин биринин жанында инспектордун кокусунан атып алган огунан улам каза болгон айдоочунун окуясы боюнча шаардык милициядан кошумча маалымат беришти.
Башкармалыктын билдирүүсү боюнча, айдоочу инспекторго каршылык көрсөтүп, анын табелдик куралын тартып алууга аракет кылган деп берилген биринчи маалымат алдын ала чогултулган материалдын негизинде даярдалган.
"Инспектор алгачкы суракта айдоочуну жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотконун айткан. Бул учурда эреже бузган жаран жаңжал чыгарып, документтерин калтырып кетип калганын, бир нече мүнөттөн кийин кайра келип патрулдук милициянын кенже инспекторуна кысым көрсөтүп, алар менен эсептешерин, кайгуул кызматкеринин тапанчасын алууга аракет кылганын белгилеген. Мыйзамга баш ийбей, куралды алууга аракет кылып жатканда кокусунан тапанча атылып, анын кесепетинен айдоочу каза болгон деп билдирген.
Резонанстуу окуя болгондуктан жалпыга маалымдоо каражаттарынын талабы менен, ошондой эле милициянын аткарып жаткан иштери тууралуу билдирүүлөрдү өз убагында чагылдыруу иретинде алдын ала маалыматтын негизинде кабар таратуу чечими кабыл алынган.
Ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жердеги камерага жазылган видео алынып, тергөө материалына кошулган. Анда инспектордун алгачкы көрсөтмөсү видеодо жазылган окуя менен дал келбей турганы белгилүү болду. Чогултулган бардык материалдар Свердлов райондук сотуна, андан кийин УКМКнын Бишкек аймактык башкармалыгына жөнөтүлдү.
Бишкек ШИИББи окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын ар кайсы түзүмдөрүнүн, прокуратуранын кызматкерлери болгонун, кылмыштуу жаап-жашыруунун белгилери жок экенин жана башка нуктагы маалымат берүү ниети жок экенин баса белгилейт. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталып жаткан кошумча маалыматтардын баары коомчулукка массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу берилип жатат", - дешти мекемеден.
Маалымат үчүн:
Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.
Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.
Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды. Кийинчерээк маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусун интернетке жарыялашты. Андан көп өтпөй маркумдун келинчеги делинген айымдын видеокайрылуусу тарады.