Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Орто Азия чемпиондугунун байгелүү орундарына ээ болгон өлкөнүн волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү менен жолукту.
Улукбек Марипов спортчуларды куттуктап, чың ден соолук, бакыт, спортто жана жашоодо чоң жеңиштерди каалаганын министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Волейболчулардын мыкты чеберчилиги жана жакшы оюну, машыктыруучулардын профессионалдуулугу командага волейбол биздин өлкөдө тез өнүгүп жатканын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берди. Мен ар бир спортчуга кызыктуу жана адилеттүү спорттук күрөш үчүн, жаркын жеңиш үчүн, өлкө менен сыймыктануу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк үчүн рахмат айткым келет. Силер күйөрмандарга чыныгы майрам тартууладыңыздар. Бул жеңиш дүйнөлүк аренада дагы жакшы жыйынтыктардын башталышы болот деп ишенем", - деп спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.
Белгилей кетсек, жолугушуу Бишкектин түштүк тарабындагы “Ынтымак - экинчи этап” жаңы паркынын ачылышынын алкагында өттү.
Маалымат үчүн: Ушул жылдын 14-24-августунда Өзбекстанда өткөн волейбол боюнча Орто Азия чемпиондугунда өлкөнүн эркектер командасы күмүш, аялдар командасы коло медалга ээ болушту.