Мечиттин жанында октон каза тапкан жарандын жубайы: "Тоюбузга даярданып жатканбыз"

Бишкектеги мечиттердин биринин жанында кенже инспектордун огунан каза тапкан Чыңгыз Абдыраев бүгүн, 29-августта акыркы сапарга узатылды.

Маркум сентябрь айында үйлөнүп, той берүүнү пландап, даярданып жаткан. Бул туурасында анын жубайы Ясмина айым менен сүйлөшкөнүбүздө маалым болду.

Айтымында, алар расмий түрдө никесин кыйдырышкан. "Чыңгыз менен ушул жылдын март айында таанышканбыз. Өзгөчө адам болчу. Эң биринчи ыйманы, адамга болгон күйүмдүүлүгү, кичи пейилдиги, чынчылдыгы, боорукерлиги менен жүрөгүмдү багындырган. Жашоого болгон көз карашы, адамдарга жасаган мамилеси менен жаккан. Ал менин бир тууган агам менен 2009-жылдан бери тааныш, дос экен. Бирок бул туурасында биз таанышкандан кийин билгенбиз.

Шариатка ылайык, биздин никебиз бар. Тоюбуз 20-сентябрга белгиленген, даярданып жаткан учурубуз болчу", - деди ал.

Ал эми каргашалуу окуя мечиттен намаз окуп чыкканда болгонун белгиледи. "Беш маал намазды мечиттен дайыма окуй албайм. Убакыт кенен болгондо барып турам. Окуя болгон күнү кечки магриб намазын окуп чыккам".

Чыңгыз Абдыраевдин мурдагы жарандык никеси, балдары жөнүндө Ясмина айым буга токтолду. "Чыңгыз мурда жарандык никеде жашап, 2 уулу бар. Аларды мен өз балдарымдай көрөм. Чыңгыз аталык милдетин аткарып балдарына тамак-аш, кийим-кече алып берип, батирдин ижарасын төлөп, бардык жактан камсыздап турчу. Балдарды ооруканага алып барыш керек болсо чогуу барып, чогуу эс алчубуз", - дейт.

Маалымат үчүн:

Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.

Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.

Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды. Кийинчерээк маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусун интернетке жарыялашты. Андан көп өтпөй маркумдун келинчеги делинген айымдын видеокайрылуусу тарады.

Бишкек ШИИББи инспектордун алгачкы көрсөтмөсү видеого жазылып калган учур менен окшошпой турганын, кылмышты жаап-жашыруунун белгилери жок экенин жана башка нуктагы маалымат берүү ниети жок экенин баса белгиледи.

Кийинчерээк инспектор киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалып, ага карата "баш калкалоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "адам өлтүрүү" фактылары боюнча кошумча сотко чейинки 3 өндүрүш иши катталганын, тергөөнүн жүрүшүн Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын УКМКдан кабарлашты. Мындан тышкары дагы 3 кайгуул кызматкери өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asmat84
2021-08-29 22:16:28
Токточу... Мен түшүнбөдүм. Ошондо эки аялы болгонбу
+3
nazira...
2021-08-29 22:32:03
Asmat84,ошондой окшойт, мына эми экөөнө тең жок калды. Бейишин берсин, байкуш энесине кыйын болду.
+1
Pankration_MMA
2021-08-29 22:38:56
Asmat84, Биринчиси менен ажырашып эле буга үйлөнгөн окшойт. Биринчи аялы "Биз акыркы айларда таарынышып, мен төркүнүмдө элем, эки мурда келип балдарын көрүп кетти" деп интервью бергендей болгон эле.
-3
Tyty1990
2021-08-29 23:38:23
Pankration_MMA, катындан айырман жок экен. Атыңа жараша болбойсуңбу.
0
ayzhan12
2021-08-30 00:48:42
Pankration_MMA,
Кыскасы "токол" болоюн деп анысы да ишке ашпай калыптыр
-4
ainura220888
2021-08-29 22:30:40
Сен деле жарандык никедеги аялы экенсинда только никенер эле болсо. Бизде жарандык нике деген тушунук жок. Бизде нике кыйылдыбы аялы. Кароче кечирип койшулаго 2-баласы 5 айлык болсо биякта ясминасы болсо бок басып жургон экенда
+10
Dembele84
2021-08-30 07:51:00
Бала жон журбоптур короче,аягы суюк неме экен.
+4
Nuuman
2021-08-30 09:08:43
Орган адамында орусча айтканда"стрессоустойчивость" деген болуш керек. Өзүңдүн эмоцияны сактаганды уйронбогон үчүн бүгүн бир адамды өлтүрдү. Бул жерде кадр маселеси да бар. Ишке алып атканда кайсы доктур жыйынтык чыгарып берген? Эми бир адам өлдү. Өзү түрмөдө жок эле дегенде жаштыгын өткөрөт. Мен лично ГАИни жалко дебейм. Баш иштебесе кол бутка зыян деген ушундай болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан