"1 адам оор абалда". Кубакыда 7 адамдын өмүрүн алган кырсыктан жабыркагандар Бишкек шаарына которулду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 7 адам каза болгон жол кырсыгынан жабыркагандардын баары Бишкек шаарындагы №4 ооруканага которулду. Бул тууралуу Кочкор райондук жалпы практикалык борборунун директору Туратбек Жумабеков SUPER.KG порталына билдирди.

"Ооруканада жаткандардын баарын четинен Бишкек шаарына жөнөтүп бүттүк. Акыркысы 3-4 күн мурун которулду. Алардын абалдары турукташкан соң которуу чечими чыккан", - деди Жумабеков.

Ал эми №4 шаардык ооруканасынын басма сөз кызматы буларды билдирди.

"Биздин ооруканага 4 адам келип түшкөн. Алардын үчөөнө операция жасалып, бирөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, 17-август күнү Ман үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Боом капчыгайын көздөй түшүп келе жатып, тормозу иштебей калган. Натыйжада аталган унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, Кубакы ашуусуна чыгып бара жаткан Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган унаа менен сүзүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан