Биз социалдык тармакта

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн дагы бир партия билдирме берди

"Ишеним" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Асель Рысбаеваны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Эльвира Турдакунованы дайындады.

Буга чейин "Социал-демократтар" партиясы жана "Улуттар биримдиги" партиясы билдирме беришкен.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан