Борбордук шайлоо комиссиясына эки партиядан парламенттик шайлоого катышуу үчүн билдирме түштү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирме бергендер "Социал-демократтар" партиясы жана "Улуттар биримдиги" партиясы. "Социал-демократтар" партиясы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Нурбек Касымбековду, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Таалайбек Усубалиевди дайындады. Ал эми "Улуттар биримдиги" партиясы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Руслан Болотбековду, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Камиль Сыдыковду дайындады.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.