Соңку 24 саат аралыгында COVID-19 жана пневмония илдети 145 жарандан аныкталды. Республикалык штабдын статистикалык маалыматына ылайык, алар төмөнкү аймактарда катталды.
Бишкек шаары - 47;
Ош шаары - 2;
Чүй облусу – 31;
Талас облусу - 7;
Нарын облусу - 3;
Ысык-Көл облусу – 40;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу - 10.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдети катталган күндөн тартып жалпы 175 миң 734 адам жабыркады.
Ал эми бир суткада 360 адам оорудан сакайды. Муну менен айыккандардын жалпы саны 169 миң 777ни түздү.