Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу бир катар маданият жана искусство кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Бул тууралуу президенттик администрациясынын маалымат кызматынан маалымдашты.
Кыргыз Республикасынын маданий, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата III даражадагы "Манас" ордени менен:
Тулкунжан Ахмадалиев – Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын артисти;
Мираида Далбаева – театра жана кино актрисасы;
Анарбек Ибраев – Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти;
Түгөлбай Казаков – композитор, "Маданият-Тарых-Тил" телеканалынын редактору;
Кулайым Каниметова – Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын артисти;
Айтурган Темирова - кино актрисасы.