Бүгүн, 31-август күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган концерттик программа өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салманбек Назылбеков катышты.
Мындан сырткары, иш-чарага "Токио-2020" олимпиадасында күмүш медаль алган Акжол Махмудов жана машыктыруучулары катышты.
Акжол Махмудовго президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэринин атынан эки бөлмөлүү батир жана 10 миң доллар акчалай сыйлык тапшырылды.