Легендарлуу футболчу Пеле ооруканага түштү

Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле эс-учун жоготуп ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ден соолугу кескин начарлаган 80 жаштагы футболчу Сан-Паулуда Альберт Эйнштейн атындагы ооруканага жаткырылган.

Кийин Пеле Твиттер аркылуу абалы жакшы экенин билдирип, карантин учурунда мүмкүн болбогондуктан, ооруканада ырааттуу текшерилүүдөн өтүп жатканын кабарлаган. Мындан тышкары кийинки аптада талаа үстүнө оюнга чыгарын айтып тамашалаган.

Эске салсак, Пеле Бразилиянын курамында 3 жолу Дүйнө чемпиондугун утуп алган. Ал эл аралык футбол федерациясынын чечими менен кылымдын мыкты оюнчусу аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан