SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн тургуну кайрылды. Анда ал Ак-Буура суусу булганып жатканын айтты.
"Ак-Буура суусунун баш жагында көмүр чыга турган карьер бар. Жылдан жылга ушул көл көмүрдүн ышына толуп кетти. Суунун булганганын көрүңүздөр. Папан, Төлөйкан, Араван, Жапалак айыл өкмөтүндө жашагандар ушул суудан ичебиз.
Мурун ушул жерде өрдөктөр жүрүп, сонун болуп көрүнчү. Экологиянын бузулушун караңыздар. Биз чынында кыйналып кеттик. Кир суу ичип жатабыз. Кимге арызыбызды айтабыз?
Садыр Нургожоевич, ушуну териштирип, көзөмөлдөп берүүңүздү суранабыз", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.