SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну кайрылды. Анда ал таштандыларды өрттөп жатышкандарга кандай чара көрүлөт деген суроо салган.
"Биз Военно-Антоновка айылында жашайбыз. Биздин айылдагылар үйүнөн чыккан (курулуш иштеринен) таштандыларды өрттөп жатышат. Негизи ушул сыяктуу көрүнүштөргө чара көрүлөбү? Ал түтүн айылды каптап, дем алуу кыйынга туруп жатат.
Күн салкындаганда эшикке чыгып сейилдөөгө мүмкүнчүлүк жок, бардык жак бозоруп түтүн каптап жатат", - деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.