Бишкектин Свердлов районундагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыктары текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, вице-мэр Русланбек Акылбеков жана Свердлов районунун акими Бахтияр Карамшаков №38 Райхан Шүкүрбеков атындагы мектеп-гимназиясынын жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышты.
"Билим берүү мекемесинин аймагы каралды. Вице-мэр жумуштун белгиленген мөөнөттөрүнө жана сапатына көңүл бурду. Ошондой эле ага чектеш аймакты жакшыртуу, тротуарларды жана мектептин айланасындагы кире бериш жолдорду оңдоо боюнча тапшырмаларды берди.
Бүгүнкү күндө Свердлов районундагы бардык окуу мекемелери окуучуларды кабыл алууга даяр болуп калды", - деп жазылат маалыматта.