Таиланддын Самутпракан провинциясында бир башында эле төрт көз, эки ооз жана эки мурундуу мышык туулду. Анын видеосун Newsflare басылмасы өз сайтына жүктөдү.
Мышыктын ээси аны аман алып калыш үчүн баарын жасарын айткан.
“Менимче бул өзгөчө жаныбар жана бул мышыкты менин мышыгым тууганы үчүн бактылуумун. Башында аны жашабайт деп коркчумун. Бирок ал кадимки эле мышыктардай тың”, - деп кошумчалаган.
Маалыматтарга ылайык, мындай түзүлүштөгү мышыктар өтө сейрек кездешүүчү Янус мышыктары деп аталат.