"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон Акжол Махмудов Ош шаарынын жаш балбандары үчүн ачык машыгуу жана мастер-класс өткөрдү. Бул тууралуу Күрөш федерациясы Фейсбук баракчасына жарыяланды.
"Биздин чемпион балдар менен билимин, тажрыйбасын бөлүшүп, келечектеги спорттук карьерасында сөзсүз жардам бере турган ыкмаларды үйрөттү", - деп жазышкан федерациядан.