Рыскелди Момбеков таксистти сабады деген маалыматтар боюнча үн катты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков таксистти сабап салды деген маалыматтар боюнча комментарий берди. Бул тууралуу видео социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Бул карандай калп. Мен өмүрүмдө айдоочу, жан сакчы жалдаган эмесмин. Өзүм эле унаамды айдап жүрөм. Кечээ күнкү окуя боюнча мен унчукпай эле коёюн дегем. Ички иштер министрлиги маалымат таратсынчы, мен айтпай эле коёюн дегем. Кечке чейин ар кандай маалыматтар чыгып жатты. Элди, өзүмдү дагы кыйнап койдум окшойт деп азыр айтууга туура келүүдө.

Бул окуя кечээ кечинде болгон. "Ош базардан" өткөндөн кийин бул жигит менин жолумду чукул кесип чыкты. Мен капталдап өтүп "акшыңдабай эле айдасаң болот го" десем, мени сөгүп калды. Унаасын сүрөткө тартсам "сен эмнеге тартасың" деп сөгүп кирди. Ага көңүл бурган жокмун. Бир карасам артыман кууп алыптыр. Манас кең көчөсүнөн өткөндөн кийин алдыма келип токтоп, унаамдын эшигин ачканга аракет кыла баштады. Айнек ачык болчу, бир-эки жолу колун көтөрүп жиберди. Анан Тоголок Молдо көчөсүнөн өткөндөн кийин кайра унаасын токтотуп, экөөбүз сүйлөшсөк ар кандай коркутууларды айтты. Мен ага кол салган эмесмин. Бул чагымчылдык деп ойлойм", - деди депутат.

Ошондой эле тийиштүү органдарга чалып, айдоочу жигитти алып кетишкенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин айдоочу Рыскелди Момбековго карата арыз жазып, денесине залал келтирилгенин айтканы маалымдалган.

Рыскелди Момбеков таксистти сабады дегени боюнча үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2021-09-04 21:13:41
Рыскелдинин созуно ишене турган болсок тиги чала эркек коркуп кетип мындан мурда барып арыз жазып жиберген го.
0
nukura_jigit
2021-09-05 00:21:28
Рыскелди байке андай ишке барбайт
0
jigit.paren
2021-09-05 06:07:09
Рыскелдинин озунун дагы бир шоусу
0
Federik
2021-09-05 09:29:40
Депутат экенин билген киши артынан ээрчип албаса керек эле сабайм деп. Депутатты жакалагандан кийин эмне болушун баары эле билет,анткени булардын кол тийбес мыйзамы бар.
0
Asmat84
2021-09-05 09:47:39
Кимисине ишенебиз
0
modem4999
2021-09-05 11:13:19
Asmat84, суротту карасан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан