Хабиб Нурмагомедов Криштиану Роналдунун "Ювентустан" кетишинин себебин атады

Орусиялык ММА мушкери Хабиб Нурмагомедов берген маектеринин биринде португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду эмне үчүн "Ювентусту" таштоону чечкенин айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, спортчу аны менен болгон сүйлөшүүсүнүн толук мазмунун айтууну каалабай тургандыгын айткан. Бирок Роналду Италия чемпиондугу кызыксыз экендигин айтып, Англияга кайтып келүү ниети бар экендигин билдиргендигин айткан.

Нурмагомедов Роналдунун "Манчестер Юнайтедге" өтүшү ал үчүн күтүүсүз болгонун кошумчалаган.

Эскерте кетсек, Криштиану Роналду 27-августта "Манчестер Юнайтед" курама командасында ойнору маалым болгон.

Криштиану Роналду улуттук курама үчүн киргизген голдорунун саны 111ге жетип, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан