"Эң улуубуз 74 жашта". Кочкор районунан чыккан "Шайыр апалар" тобу Түркияда өткөн фестивалга катышып келишти (сүрөттөр)

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылынан чыккан Энелер шаңы этно фольклордук "Шайыр апалар" тобу Түркияда өтүп жаткан эл аралык фестивалга катышып келишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына топтун жетекчиси Элмира Ниязалиева билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган топто 8 апа ырдайт, алардын улуусу 74 жашта, кичүүсү 51 жашта.

"Биз фестивалга абдан ийгиликтүү катышып келдик. Биздин ырларды алар абдан жакшы кабыл алышты. Биз фестивалда 2 түрк жана 3 кыргыз ырын ырдадык. Жалпысынан 8ден ашык өлкөдөн катышуучулар келишиптир. Иш-чаранын башталышында кадимкидей парадга атайын формаларыбызды кийип алып сыймыктануу менен бастык. Конкурстун жыйынтыгында, аталган шаардын мэри бизге Ардак грамота тапшырып, жакшы белектерди берип узатты. Бул бизге абдан жагымдуу болду. Ошону менен биз ийгиликтүү кайтып келдик", - деди Ниязалиева.

Эскерте кетсек, 25-августта Түркиянын Афьон-Карахисар шаарында фестиваль башталып, 30-августта жыйынтыкталган. "Шайыр апалар" тобу 23-августта Түркиянын Стамбул шаарына учуп кетишкен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан