Футбол: Бразилия - Аргентина беттеши башталгандан 10 мүнөт өткөн соң аяктады

2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунун алкагындагы Бразилия - Аргентина беттеши жаңжал менен аяктады.

Беттеш кечээ, 5-сентябрда Сан-Паулу шаарында орун алды. Оюн башталгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин талаага белгисиз адамдар чыгып келишкен. Аргентиналык футболчулар буга нааразы болуп, толук курамда оюн талаасынан чыгып кетишти.

Маалыматтарга караганда, оюн талаасына полиция жана иммиграция кызматкерлери чыгып келген. Анткени Аргентина курамасынын Англия Премьер-Лигасында ойногон төрт футболчусу карантин эрежелерин бузгандыгы үчүн депортияцияланмак.

Аргентина курама командасынын капитаны Лионель Месси Бразилия тарапка кайрылуу жасап, 4 футболчу Бразилияга келгенине бир нече күн болгонуна карабай, эмне себептен 14 күндүк карантинге алынышы керек экенине түшүндүрмө берүүнү сураган.

"Дүйнө жүзү азыр бул уят кырдаалга көз салып турат", - деген Месси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurlan90
2021-09-06 11:24:35
Депортацияланмак
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан