Ооганстандын жогорку окуу жайларында жана мектептеринде мындан ары кыздар никаб (мусулман кыз-келиндеринин жүзүн кошо жапкан баш кийим) кийип окушат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Буга чейин ооган бийлиги кыздар менен балдар өз-өзүнчө окуй турганын жарыялаган. Ал эми өзгөчө кырдаалдарда кыздар турган бөлмөнүн бөлүгүн көшөгө менен тосууга милдеттендирилген. Ошондой эле кыздарга аял мугалимдер же жүрүм-туруму жакшы болгон улгайган эркектер билим бере алат. "Талибан" кыймылы мындай кадам менен кыздарга коопсуз билим алуу чөйрөсүн түзүп берүүнү көздөп жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.