Кечээ, 17-октябрда Ош шаарында муниципалдык жер тилкелерин ижарага берүү боюнча ачык аукцион өткөрүлүп, 18 тилкенин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, комиссиянын кароосуна 61 жер тилкеси киргизилип, анын 50сү аукционго коюлган. Алардын ичинен 18 тилке боюнча ачык аукцион өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Ал эми арыз түшпөгөн калган 32 жер тилкеси кайрадан аукционго чыгарылат.
Мындан тышкары, комиссияда ижара мөөнөтүн узартуу, жер тилкелерин убактылуу ижарага түз берүү жана аукционго чыгарууга уруксат алуу маселелери каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынганы маалым болду.