ЭЛДИК КАБАР: "2 саат түштөнүү". "Кара-Кулжада паспорт берүү мекемесинде аягы узун кезек күтүүлөр болууда" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну кайрылып, Калкты тейлөө борборунда кезек күтүүлөр көп болуп жатканын, ошондой эле имараттын ичи тар экендигин айтты.

"Кара-Кулжа райондук ЗАГС жана паспорт берүү мекемесинде дайыма ушундай көрүнүш, тагыраагы элди тейлөө аябай начар. Качан оңолот? Мекемеде кызматкерлер элге аябай орой мамиле кылат. Мекеменин имараты тар.

Кызматкерлер бүгүн саат 12:00дө түштөнүүгө чыгып, саат 14:00дө келишти. Бул жакка келип жумушуңду бүтүрүү кыйынга туруп жатат", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кара-Кулжа райондук ЗАГС жана паспорт берүү мекемесиндеги көрүнүш.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ledi12
2021-09-06 15:58:25
Туптуура так ушундай, мен паспорт алмаштырганда 1 Жума барганмын.
То обедке кетишет, то тойго, то куран окуткан жерге кетишет. Ошентип жакшы тейлейшпейт.
+4
Akjol18
2021-09-06 19:15:24
Былтыр 1 жыл мурун айтышыңар керек эле,эми болду чыдагыла туугандар.
0
Aky12
2021-09-06 19:56:08
Мындай корунуш баардык эле жерлерде бар, айта берип тил тешилди, мындай жерлердин баарында Кудайдан коркпогон пенделер иштейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан