"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча коло медалдын ээси Мээрим Жуманазаровага арнап ыр жазган Эмил Балтагулов балбан кызга бата алуу тоюна чакыруу алды. Бул туурасында ырчы тарабынан белгилүү болду.
Белгилүү болгондой, бир туугандар Мээрим жана Сезим Жуманазароваларга бата алуу тою 19-сентябрда Бишкекте өтөт.
"Мекенимдин кызы Мээримай" аттуу обондуу ыр чыккандан кийин балбан кыздын атасы, бир тууганы жана өзү байланышка чыгып, ыраазычылыгын билдиришкен. Буюрса, Жалал-Абаддан Бишкекке барып, тойго күбө болом. Мээримди, анын атасын деле тааныбайм, жакындан таанышып келем", - деди ал.
Ырчы Мээрим Жуманазарова килемге чыккан күнү беттешти көрүп, андан таасирленип ыр жазууну чечкен. Бул тууралуу ал порталыбызга билдирген.
"Мекенимдин кызы Мээримай" ырын угуу үчүн шилтеме.