Талас шаарында 6 жана 7 жаштагы 4 кызга ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелип жаткан жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда Талас шаарында 6 жана 7 жаштагы 4 кызга ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелип жаткан жаран 2 айга камакка алынды. Иш боюнча тийиштүү тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. 6-сентябрь күнү аталган факты боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн жетиштүү далилдер болгондуктан, А.у.Т.га шектенүү жөнүндө кабар берилген. Талас шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, 2 айга камакка алган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Талас шаарынын төрт жараны түшүнүк кат жазган. Анда алардын 6 жана 7 жаштагы кыздарын кошуна жашаган 1999-жылы туулган А.Т. аттуу жаран алдап үйүнө алып барып, ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгүн билдиришкен. Аталган билдирүүлөр Талас ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.