SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын тургуну кайрылып, президент Садыр Жапаровго кайрылуусун жолдоду.
"Мен Перизат Турдумамытова, Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургунумун. Төрт балам бар, жалгыз бой энемин. 2 балам мектепте окуйт. Балдарыма алимент дагы албайм. Эч жерде иштебейм. Менчик үйүм дагы жок.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизден көптөн көп суранып кетем, жөлөк пулду көтөрүп бериңизчи.
Балдарымды жетишпеген эмес, бактылуу балалыкта чоңоюшун каалайт элем. Эки баланын жөлөк пулу менен жетпеген жашоодо жашап келе жатам", - дейт окурман.
Белгилей кетсек, өлкөдө "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмү 810 сомду түзөт. Жөлөк пул тууралуу маалыматтарды шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.