Чүйдүн Кемин районундагы токойдон чыккан өрт айылдан 15 чакырым алыста. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Токойдо сарайлар, мал жандыктар жок. Ал айылдан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал эми токойдо башка жаныбарлар болушу мүмкүн. Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн, бадалдардан, дарактардан өрт чыккан. Учурда ачык өрт жок, бирок болжол менен 10 гектарга жакын жер түтөп жатат. Ал эми күйгөн жердин жалпы аянты болжол менен 30-35 гектар жерди түзөт", - дешти басма сөз кызматынан.
Буга чейин ӨКМ Кеминдеги өрт жарандардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккандыгын кабарлаган.