реклама
super.kg logo

"Апама 10, сиңдиме 13 жолу бычак менен сайган". Бишкекте киши колдуу болгон эне менен кыздын окуясынын чоо-жайы

 

Ушул жылдын 12-май күнү саат 11:25 чамасында Бишкектин Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн апасы менен кызынын жансыз денеси табылган. Көп узабай бул ишке шектүү катары Ысык-Көл облусунун 2005-жылы туулган тургуну кармалган. Милиция ал мурда соттолгонун билдирген. Ал эми Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору өспүрүм кыйноо жолу аркылуу кылмышты моюнга алдырганын жазып чыккан.

SUPER.KG порталы бул окуянын чоо-жайын билүү үчүн эки тараптын тең пикирин укту.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне менен кыздын жакыны (аты-жөнүн атагысы келген жок) шектүү жоопкерчиликтен качып жатканын айтат.

"Шектүүнүн ата-энеси баламды кыйнап кылмышты моюнга алдырган дейт. Шектүүнү Свердлов РИИБине алып келгенде денесине текшерүү жүргүзүлүп, эч кандай кыйноонун белгилери болгон эмес. Далилдер бар. Кылмыш иши козголгондон бери шектүүнүн мыйзамдуу өкүлү, жактоочусу жана социалдык кызматкер жүрөт. Ата-эне баласын сактап калуу үчүн мындан башка чарасы калган жок. Мен апам менен сиңдимди жоготсом да өзүмдү колго алып, сабыр кылып жатам. Ал эми шектүүнүн ата-энеси сот залынан да ызы-чуу чыгарып, тескерисинче биз алардын жакындарын өлтүргөндөй мамиле жасоодо. Шектүү мурун бейбаштык жана уруулук кылып, иши каттоого алынганы маалым болду. Жаман жүрүм-туруму үчүн медереседен да куулган экен. Ал эки адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелүүдө. Апама 10, сиңдиме 13 жолу бычак менен сайган", - дейт жабырлануучу тараптын жакыны.

Ал эми шектүүнүн апасы Курманжан Беркенбаева баласына болгон кыйноолор жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Уулумдун айтымында, ал көчөдөн өтүп бара жатып каза болгон кызды капыстан көрүп калат. Экөө мурун тааныш эмес болчу. Кыз мас абалында уулума үйгө жеткирип койчу “өлүп калам” деп суранат. Баламдын колунан кармап жалынып-жалбарыптыр. Жолдон келе жатып балама арак алып бер деп догурунганынан ичимдик алып бериптир. Уулум кыздын үйүнө киргенде үйдө мас абалында жаткан апасы уулумду “үйдө эмне жүрөсүң?” деп үбөлүк менен башка чааптыр. Эки-үч жолу чапканда баламдын көзү караңгылап, эсин жоготкон. Балам эсине келген соң эшикти жаап качып кеткен. Уулумду милиция кызматкерлери кармаган учурда жанынан каза болгон кыздын телефону табылган. Балам телефонду кыздан тирүү кезинде алганын моюнга алды. Бирок уулум тергөөдө кыз менен аял каза боло электе эле үйдөн кеткем деп айтып берген. Милиция баламды Ысык-Көлдүн айылдарынын биринен кармап кетип, токойго алып барып, кылмышты моюнга алдыруу үчүн башына хлор салынган баштыкты кийгизип, кулак тушка, кабыргасына уруп-согушкан. Балама милициялар "күнөөнү моюнга аласыңбы?" деп ийне менен тырмактын астына сайып "кылмышты моюнга албасаң сени ит аткандай атып кетебиз, атаңдын чөнтөгүнө бир кутуча кара куурай салып, каматып жиберебиз” деп коркутушкан. Андан соң Бишкекке алып барып да кыйноо көрсөтүшкөн. Тергөөчү балама “моюнга ала бер, эки жылдан кийин өзүбүз чыгарып алабыз, жардам беребиз, болбосо үстүңө жыл кошулат” деген экен.

Жадакалса жактоочуну да өздөрү камсыздап беришти. Ал тургай бычакты да тергөөчүлөр өздөрү карматышыптыр. Мен бул кызматкерлер мыйзам алдында жооп беришин талап кылам. Балам буга чейин соттолгон эмес, бир жолу айылдан балдар менен мушташып каттоого алынган. Азыр баламдын башы ооруп, тамчылатма дары алып жатат. Кабыргаларым ооруп жатат деп даттанууда. Балам коркок болуп калыптыр. Көк ала, бардык тактар баламдын денесинен тараганча эки ай күтүп турушкан. Ал дагы сабайт деп коркуп моюнга ала берген", - дейт шектүүнүн апасы.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаров учурда бул иш тергелип бүтүп, сотко өткөнүн билдирди.

"Шектүү бул кылмышты жасагандыгын далил буюмдар жана көрсөтмөлөрү далилдейт. Шектүүнүн ата-энеси Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборуна арыз жазышкан. Бул кыйноолор чындыкка дал келбейт. Медициналык кароонун негизинде шектүүнүн денесинен кыйноонун белгилери аныкталган эмес. Шектүү бардык далилдер аны көрсөтүп жатканын түшүнүп, баарын моюнуна алып, болгонун болгондой айткан. Шектүү ата-энеси менен жолуккандан кийин алар өзгөчө оор кылмыш үчүн жазадан качуу аракетин көрө башташкан", - дейт Шердор Абдыкапаров.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
08.09.2021. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
966
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
29-09-2021 01:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
+6
Апасы менен кызы бири бирине 10-17 жолу бычак уруп анан узулоордо бычакты кармай турчу деп балага берип коюптур деп айта ала турган катын окшойт.
08.09.2021. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
234
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
28-09-2021 23:54
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бети жок катын го! Уялбай жалган айтып кудайдан корсонуз
08.09.2021. 20:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3683
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
29-09-2021 00:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уболук менен башка 2-3жолу чапканда жини келип бычак менен экоону тен сайгылап таштаган да.
08.09.2021. 23:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
391
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
26-09-2021 23:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уболук менен чапканга жеткиргенго.Мумкун кызына тийишкендир.
09.09.2021. 07:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
874
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
29-09-2021 02:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бети жок катын экен. Бет тырмачылык кылганын кара. Эгерде чын эле далилденсе ал баланы атып салыш керек
09.09.2021. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
764
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
28-09-2021 23:06
Жынысы:
Белгисиз
-1
Үбөлүк менен 3 жолу чапканда өзүн билбей жатса керек эле милиция келгиче качып кетпей.
09.09.2021. 17:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
19-10-2016
Соӊку аракети:
28-09-2021 08:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз ушул жомокко ишенишибиз керекпи))? Окуп кулкум келди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
177045;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: