Чүйдүн Кемин районундагы тоонун коктусунан чыккан өрттүн жайылып кетпөөсүн көзөмөлдөө үчүн күзөт жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 8-сентябрда саат 19:30га карата жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери туруктуу жайгашкан ордуна кайтышууда. Калган кызматтар жеринде өрттүн жайылып кетпөөсүн көзөмөлдөө үчүн күзөттө калышты.
Өрттү өчүрүү иштери эртең, 9-сентябрда улантылат.
7-сентябрь күнү Чоң-Кемин өрөөнүндө Көк-Жар, Борду коктуларында куураган чөптөн, бадалдардан жана дарактардан өрт чыккан. Буга жарандардын шалаакы жана кайдыгер мамилеси себеп болгонун ӨКМнын маалымат кызматы
кабарлаган.