Биз социалдык тармакта

Кеминдеги токойдон чыккан өрт 3 күн дегенде чектөөгө алынды

Чүйдүн Кемин районундагы тоонун коктусунан чыккан өрт чектөөгө алынды. Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн, бадалдардан жана дарактардан чыккан өрт бүгүн, 9-сентябрда саат 17:50дө чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат дешти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Белгилей кетсек, 7-сентябрь күнү Чоң-Кемин өрөөнүндө Көк-Жар, Борду коктуларында куураган чөптөн, бадалдардан жана дарактардан өрт чыккан. Буга жарандардын шалаакы жана кайдыгер мамилеси себеп болгонун ӨКМнын маалымат кызматы кабарлаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан