Абактагы мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага жаткырылды

Абактагы мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сатыбалдиев эмнеден улам ооруканага жаткырылганын такташкан жок. Учурда абалы туруктуу экени айтылды. Ал Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда конвойлордун кайтаруусунда жатат.

Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча соттолуп, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Былтыр жүрөгүнө операция жасалганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tursunbaev1978
2021-09-10 11:33:59
7 жыл 6 ай азго,15 жылдан жогору камаш керек эле,жакында үй камагы,ошо менен эркиндик
+1
Apyn8793
2021-09-10 12:35:33
Чала кускан го, эгер толук кусса анда иши кайра каралып 2-3 жылга тышкы эркиндикке соттоп койот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан