Жантөрө Сатыбалдиев: "Казакстанга жооп иретинде эч кандай соода санкциясын киргизбейбиз"
29-октябрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда жакында КРнын Экономика министрлигинин "Казакстан тараптын кыргызстандык сүт азыктарына тыюу салуусуна чара көрүү керек" деген билдирүүсү боюнча өкмөттүн позициясын белгиледи. Бул тууралуу: "Кыргыз өкмөтү Казакстанга жооп иретинде эч кандай соода санкциясын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган эмес жана андай келечектеги пландарыбызда да жок. Биз эл аралык өнөктөштөрүбүз менен маселелерди коркутуу жолу менен эмес, сүйлөшүүлөр жана компромисс издөө жолу менен чечүү керек деген бекем ойдобуз",- деди премьер-министр.