Алып баруучу Алексей Филатов каза болду

Алып баруучу Алексей Филатов каза болду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин Филатов коронавирус менен ооруп, оор абалда Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анда Ассоль Молдокматова "Менин окуучум, теле алып баруучу Алексей Филатов коронавирус менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Абалы өтө оор. Баарыңыздардан анын сакайып кетиши үчүн дуба кылууну суранам", - деп жазган эле.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Алексей Филатовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-09-12 09:52:45
Ии байкуш жаш эле жигит эле мыкты алып баруучу болчу
+9
rahat73.
2021-09-12 13:50:41
Каап шайыр жөндөмдүү жакшы алпаруучу жигит эле үй бүлөөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз
+5
nazira...
2021-09-12 16:45:57
Бала чакалуу болду беле? Жапжаш кезинде кеттиби, кап
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан