"Жашыруун соода мафиясы кармалсын". "Ош базарынын" соодагерлери митингге чыгышты

Бүгүн, 13-сентябрда "Ош базарынын" айрым соодагерлери жашыруун соода мафияларын камоо талабы менен Башкы прокуратуранын имаратынын алдына митингге чыгышты.

Митингчилер соода мафиялыгына айыпталып камакка алынып, кайра үй камагына бошотулду делген жарандарга байланыштуу нааразычылык акциясына чыгышкан. Митингчилер ал жарандар үй камагына чыккан соң мурун аларга каршы чыккандарга карата коркутуу-үркүтүү иш-аракеттерин жасап жатканын айтышууда.

Ошондой эле митингге чыккандар башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кабыл алуусун талап кылып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан