Бүгүн, 13-сентябрда жаңы окуу жылына даярдыктар жана эпидемиологиялык абал боюнча маалымат жыйын өттү.
Жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова быйылкы окуу жылында 1-класска 159 миңге чукул окуучу барарын айтты.
"Быйыл өлкө боюнча 159 миңге чукул окуучу 1-класска барат. Бишкек шаарында 1-класска 16 миң 863 окуучу катталды.
Бул цифра дагы өзгөрүшү мүмкүн. 15-сентябрдан кийин так цифраны беребиз", - деп билдирди министрдин орун басары.