Башкы прокуратуранын имаратынын алдына митингге чогулган "Ош базарынын" соодагерлери менен прокуратура кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле нааразычылык акциясына чогулгандар менен сүйлөшүүлөр аягына чыкканга чейин мекеме эч кандай комментарий бере албасын кошумчалашты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-сентябрда "Ош базарынын" айрым соодагерлери жашыруун соода мафияларын камоо талабы менен Башкы прокуратуранын имаратынын алдына митингге чыгышкан.