SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылды. Анда ал Чили-Сай жайлоосундагы аскада бетине жазылган жазууларга кейип, чара көрүлсө деген оюн билдирди.
"Маданиятсыз адамдар биздин ата-бабалар миңдеген кылымдар бою сактап келген Чили-Сайдын ичин булгап бүтмөй болушту. Кандайдыр бир чара көрүлбөсө болбой калды.
Бул жер Ноокат районундагы Чили-Сай жайлоосунун кире бериши, жергиликтүү эл Кескен бел деп аташат.
Аскада тарыхый жазуулар, сүрөттөр, аттын такасынын издери бар. Айрымдар пайгамбардын минген атынын такасы деп, ошого байланыштуу уламыштарды да айтышат.
Туризмдин өлкөсү болобуз деп туристтерди бул жерге алып келип, маданиятсыз жапайычылыкты көргөзөбүзбү?", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.