Студенттер, ата-энелер бар болчу. Бишкек автоунаа-жол колледжинде кулап түшкөн асма чырактын чоо-жайы

Буга чейин борбордогу К.Көлбаев атындагы Бишкек автоунаа-жол колледжинде адамдардын үстүнө асма чырак түшүп, жаракат алгандар бар экендиги маалымдалган. Бул боюнча аталган колледждин администрациясына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Бүгүн, 13-сентябрда окууга жаңы тапшырган студенттер менен ата-энелердин уюштуруу-тааныштыруу чогулушу башталар алдында колледждин жыйындар залында кырсык болду. Анда 6-8 килограммга жакын салмактагы асма чырак кулап түштү. Асма чырак кулап түшкөн жерде, бактыга жараша, эч ким жок болчу. Ал кулап түшкөндө анын чачырандысынан студенттин тууганы жана окууга жаңы тапшырган студент жеңил жаракат алышты. Жаракат алгандарга дароо алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Аларды бейтапканага жаткыруу талап кылынган жок.

Ушул тапта колледжде кырсыкты териштирүү боюнча комиссия түзүлдү. Кырсыктын себептери жана жооптуу адамдар аныкталып жатат", - деп билдиришти колледждин администрациясынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан