Атабек Садыркулов: "Атам менен иним жетекчиликке каршы чыкканы үчүн жумушка алынбай калдым"

Бүгүн, 13-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери маалымат жыйында президент Садыр Жапаровго “Коррупция же исскуство” темасынын алкагында кайрылуу жасашты.

Кайрылууда театр кызматкерлери менен жетекчиликтин ортосунда эмгек келишиминин жоктугунан улам бир топ кадрлардын жумуштан кетүүсү жана аларга карата куугунтуктоолор, кысымдар болуп жатканы айтылат.

"Мен эки жылдан бери үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Орусия жергесинде иштеп келем. Чыгармачылыгымды башка жактан да көргүм келген. Ал жактагы айлык маянам 50 миң рубль, ал эми бул жактан 8 миң сом айлык алчумун. Мен кетип жатканда мага чакыруу жөнөтөбүз дешкен, бирок жөнөтүшкөн жок. Жайында келсем, мага орун жок деп айтышты. Мени жумушка албай койгондорунун себеби атам жана иним дагы театрда иштейт. Алар жетекчиликке каршы чыккандыгы үчүн мени жумушка албай жатышат", - дейт артист Атабек Садыркулов.

Ага улай эле Кыргыз өлкөсүнүн Эмгек сиңирген артисти, мугалим Досмат Садыркулов:

"Жогорку Кеңеште жолугушуу болгондо депутаттардан артисттерди колдоо боюнча сунуш болгон. Андан соң мен башкы директорго чет өлкөдө иштеп жүргөн таланттуу артисттерибизди чогултуу боюнча кайрылуу жасагам. Бирок жооп болгон жок. Кийин мен аларга байланышканымда артисттерди чакыра албай тургандыгын айтышты.

Азыркы учурда бизге солисттер жетишпей келет. Быйыл эле бүтүп келген балдарга "солист" деген наамды берип жатышат. Ага татыктуу болуш үчүн сөзсүз түрдө эл аралык сынактарга катышып, көптөгөн жетишкендиктерге жетиш керек.

Ошондой эле биздин балдар сынактарга өз чөнтөгүнөн акча чыгарып барышат. Мен аларга бир нече жолу балдардын кийимине, дарылануусуна жана сынактарына акча сурап барганымда, дайыма эсепте акча жок деген жооп алам. Бирок 2018-2019-2020-жылдардагы комиссиянын жыйынтыгы боюнча эсепте 2 миллион сомго жакын акча бар экени маалым болгон", - деп билдирди.

Мындан тышкары Садыркулов кызматкерлердин укуктарын бузган пункттар бар экенин айтты. Артисттердин жетекчиликтин уруксаты жок интервью берүүсүнө жана массалык маалымат каражаттары менен байланышууга тыюу салынганын айтып, муну негизги укуктардын бузулушу деп эсептерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 6-мартта жергиликтүү артисттер орусиялык жылдыздардын катышуусунда "Ак куу көлү" балетине катышуудан баш тартышкан. Алар коммерциялык долбоорлордо иштегени үчүн кошумча акы төлөнбөгөнүн билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан