Бишкектин Токтогул Сатылганов жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн сыртына "Токио-2020" жайкы Олимпиадасында күмүш медаль тагынган Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылды.
Балбан кыз аталган жерге барып, ага бул сүрөт абдан жакканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"DOXA арт-группасына жана ушундай инициативаны көтөрүп чыккандарга чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Мен бардык штрихтердин тактыгына жана бардык түстөрдүн айкалышына таң калдым. Өлкөбүздө стрит-арттын өнүгүшүнө салым кошконуңуз үчүн рахмат! Бул абдан кооз жана шыктандыруучу индустрия! Мага абдан жакты!", - деп жазган Айсулуу Тыныбекова.