Улукбек Марипов, анын орун басарлары эртең Чүйдөгү мектептердин биринде ачык сабак өтүшөт

Эртең, 15-сентябрда өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы старт алат. Анда ачык асман алдында салтанаттуу линейкадан кийин ачык сабак өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусундагы мектептердин биринде ачык сабак өтүүнү мерчемдеп жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бул күндү окуучулар чыдамсыздык менен күтүп жатышат деп ишенем. Биринчи окуу күнү балдардын эсинде калышы керек. Салтка айлангандай, окуу жылы старт алган күнү "Дүйнө сабагы" аталышындагы ачык сабак өткөрүлүп келет. Мен Чүйдөгү мектептердин бириндеги окуучуларга ачык сабак өтөйүн деп жатам. Балдарга да, мага да кызыктуу болот деп ойлойм. Ошондой эле ачык сабакты менин орун басарларым, министрлер кабинетинин өкүлдөрү өтүшөт", - деген ал билдирүүсүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitiev1210
2021-09-14 10:07:47
Жакшы жышаан, балдарга жакшы стимул болсун!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан