Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин катышуусунда билим берүү уюмдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешменин жүрүшүндө билим берүү объектилеринин жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде жылытуу тармактарындагы оңдоо иштерин жүргүзүү жана каржылоо маселеси талкууланды.
Жылдыз Бакашова белгилегендей, күз-кыш мезгилинде билим берүү уюмдарына жылуулук үзгүлтүксүз берилиши керек жана бардык оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталышы зарыл.
Кеңешменин катышуучулары күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык иштери тууралуу маалымат беришти, атап айтканда жылытуу тутумдары оңдолуп, жергиликтүү бийлик органдары тараптан көмүр сатып алынууда.
"Жылытуу тутумдарын көзөмөлдөө жана каржылоо иши жергиликтүү бийлик органдарынын милдетине кирет жана алар мектептердеги отказандарды даярдыктан өткөрүп, аларды 1-ноябрга карата тийиштүү түрдө өткөрүп бериши керек", - деди Жылдыз Бакашова.