Асфальт-бетон төшөлмөсүнүн астыңкы жана үстүңкү катмарларын салуу иштери узундугу 12,3 чакырым болгон 11 көчөдө жүргүзүүдө. Алар:

- Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
- Новая көчөсү Ленская көчөсүнөн Жеңиш конушундагы Жеңиш көчөсүнө чейин;
- Түгөлбай-Ата көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Кулатов көчөсү Каракулская көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;
- Архитекторлор көчөсү Киргизская көчөсүнөн Ак-Босого конушундагы КЧКга чейин;
- Ажыбек баатыр көчөсү Жунусалиев көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейин;
- Баба-Ата көчөсү Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
- Шералиев көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Култегин көчөсү Гидростроитель көчөсүнөн Энесай конушундагы Энесай-20 көчөсүнө чейин;
- Турусбеков көчөсү Ташкент көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин;
- Абдымомунов көчөсү Манас кең көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин.

Узундугу 8,95 чакырым болгон 9 көчөдө асфальт-бетон төшөө үчүн жер казуу иштери жүрүп жатат.

Тыгындарды азайтуу үчүн төмөнкү көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгү ачылды:

- К.Карасаев көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Б.Юнусалиев көчөсүнө чейин;
- Стадионная көчөсү Ю.Абдрахманов көчөсүнөн Ынтымак конушундагы Магистральная көчөсүнө чейин;
- С.Будённый көчөсү Чүй кең көчөсүнөн У.Салиева көчөсүнө чейин;
- Жукеев-Пудовкин көчөсү Т.Медеров көчөсүнөн Т.Кулатов көчөсүнө чейин;
- А.Матросов көчөсү Т.Медеров көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Шота Руставели көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Ю.Гагарин көчөсүнө чейин;
- М.Өмүракунов (Ю. Гагарин) көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жалпы узундугу 7 895 метр болгон 11 көчөнүн кесилишинде жол оӊдоо иштер жүрүүдө.

Капиталдык курулуш боюнча 10 объектиде жалпы узундугу 5 445 чарчы метрди түзгөн жол тилкесинде жумуштар аяктап, колдонууга берилди.

Эске салсак, “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоорго ылайык жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө оӊдоодон өтөт (реконструкцияланат), ошондой эле 5 көпүрөнүн курулушу да пландаштырылган.