Орусиянын президенти Владимир Путин айланасындагылардан COVID-19 илдети аныкталганына байланыштуу обочолонууда. Бул тууралуу чет элдик басма сөз кызматтары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Владимир Путин айланасындагылардан COVID-19 илдети аныкталганына байланыштуу обочолонууга аргасыз экендигин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон маегинде билдирген. Муну эске алуу менен Орусия президенти ушул аптада Дүйшөмбү шаарында пландаштырылган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына жана мамлекет башчыларынын биргелешкен жыйынына онлайн режимде катыша турганын Кремлден маалымдашкан.