Бишкек шаарында 21-24-сентябрь күндөрү "Үмүт" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара СССРдин Эл артисти, режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналат. Форумдун алкагында кыска метраждуу фильмдер Кино үйүндө, ал эми толук метраждуу тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт. Бул ирет көрүүчүлөр адам, тагдыр, жашоо темасындагы тасмаларга күбө болушат.