Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип 57 жаштагы аял кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип 57 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-майында Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын 60 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2014-жылдын август айында Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында жайгашкан 10 сотых жер тилкесин О.Ч. аттуу аялдан 300 миң сомго сатып алган. Бирок шектүү жер тилкесин көрсөтпөй качып кеткен.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 57 жаштагы О.Ч. аттуу аял кармалган. Ал буга чейин да сот жообуна тартылган. Учурда шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын ушул сыяктуу 8 фактыга тиешеси бар экени аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rahat73.
2021-09-15 09:16:40
Сүрөтүн жакшы көрсөтүп аты жөнүн так берсеңер биз да жер алып документи бүтпөй атат новопавловкадан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан