Искендер Орусбаев Кыргыз өлкөсүнүн Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Орусбаев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Хомени Эргешов башкы консул кызматына дайындалган.
Тиешелүү буйруктарга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.