реклама
super.kg logo

Бишкектеги бала бакчалар качан ачылары белгилүү болду

 
20-сентябрдан тартып Бишкектеги бала бакчалардын иши жанданат. Мындай чечим 14-сентябрда эпидемияга жана эпизоотияга каршы шаардык ыкчам комиссия тарабынан кабыл алынганын Бишкек мэриясынан кабарлашат.
"Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин биргелешкен буйругу, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун катынын негизинде бала бакчалардын баары ачылат.
Бишкек шаарынын район жетекчилерине жана шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгына мектепке чейинки жалпы билим берүү уюмдарында белгиленген талаптардын жана нормалардын шартында тамак-аш менен камсыздоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176313;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: