Чүйдө коомдук коопсуздукту 800дөн ашык милиция кызматкери көзөмөлдөөдө

Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларда коомдук тартипти коргоо үчүн бүгүн, 15-сентябрда Чүй облусунан 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында милиция кызматкерлери билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону камсыздашат.

"Чүй облусунда тартипти камсыз кылууга 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылган. Алардын арасында өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, аймактык милиция кызматкерлери жана билим берүү мекемелеринин жанында Чүй ОИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана кайгуул күзөт кызматкерлери нөөмөттө турушат.

Чүй облусунун аймагында 320дан ашык билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө, алдын ала маалыматтар боюнча, билим берүү мекемелеринде 199 миңден ашуун окуучу билим алышары белгилүү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан