Кыргыз өлкөсү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн 4 жылдан бери белгилеп, анын негизинде массалык ишембиликтерди өткөрүп келет. Бул тууралуу маалымат жыйында Айжан Чыныбаева билдирди.
Анын айтымына караганда, ишембилик 18-сентябрда өтөт. Аталган иш-чаранын максаты коомчулукка экологиялык көйгөйлөр бар экендигин эске салуу.
"Шаар аралап жүрүп, таштандылардын көптүгүн көрөсүң. Жаш муундарды айлана-чөйрөнү таза кармоого үйрөтүү зарыл. Эмне үчун дүйнөлүк тазалык күнүн белгилеп келебиз? Бул күнү жөн гана айлана-чөйрөнү тазалып коюу эмес. Коомчулукка экология боюнча көйгөйлөрдү айтуу, ошондой эле аларды чечүү жолдору бар экенин эске салуу. Бул күндү Кыргыз өлкөсү 4-жолу белгилеп жатат. Былтыр пандемияга байланыштуу чакан чөйрөдө өткөргөнбүз.
Быйыл бул акцияга 180ден ашык өлкө катышат. Аталган иш-чарага премьер-министрдин катышуусу күтүлүүдө. Акыркы 7 жылда "Эко Деми" уюму 100гө чукул акцияларды өткөрдү.
Бишкекте бул күнү таштанды ташталган жайларда, сейил бактарда тазалоо иштери жүргүзүлөт. Акцияга мектеп окуучулары, мугалимдер, медицина кызматкерлери катышпайт.
Бардык каалоочуларды акцияга катышууга чакырып кетем", - деди Чыныбаева.